Ош: менчиктештирилген 46 бакчаны мамлекеттке кайтарып алуу аракети башталды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош шаары бала бакчалар менен 30 пайыз эле камсыз болгон.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев буга чейин менчиктештирилип кеткен 46 балдар бакчасын мыйзамдын негизинде иш алып барып, муниципиалдык менчикке алуу маселесин көтөрдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Башкалардын колуна өтүп кеткен бала бакчаларды мыйзам тааласы менен муниципалдык менчикке өткөрүп берүү иштерин жүргүзүүгө вице-мэр Ормоновго тапшырма берди.

1990-жылдардан кийин Ош шаары боюнча 46 бала бакча ар кандай себептер менен менчиктин ар кайсы түрүнө өтүп кеткен. Учурда шаарда бала бакчалар менен 30 пайыз эле камсыз болгон.

Кыргызстанда канча бала бакча иштейт? Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0