"Бишкек – "Манас" аэропорту" унаа жолун оңдоого 1 млрд. ашуун акча бөлүндү

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак "Ремонт дороги" и "Объезд"
Дорожный знак Ремонт дороги и Объезд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун ремонт иштери үчүн 1 миллиард 840 миллион сом бөлүнүп, "мамлекеттик капиталдык салым" беренеси боюнча 295 миллион сом каралган.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы жана өкмөттүн буйругу менен "Бишкек –"Манас" аэропорту" унаа жолун капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 1 миллиард 84 миллион сом бөлүнгөнүн Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы жонунан республиканын облус жана шаарларынын 112,2 чакырым жолун оңдоо үчүн 994 миллион 216 миң сом бөлүнгөн. 

"Учурда ар бир объект боюнча сметалык документация иштери жасалып жатат. Эми подрядчиктерди тандоо боюнча сынак өткөрүлөт. Курулуш иштери 2015-жылдын октябрь айында аяктоо пландаштырылууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун ремонт иштери үчүн бир миллиард 840 миллион сом бөлүнүп, "мамлекеттик капиталдык салым" беренеси боюнча 295 миллион сом каралган.

Ошону менен Баткен облсунун автожолдорун куруу жана ремонттоо үчүн кошумча 147 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0