Видеодо түшкөн инспекторлорго жана алардын жанында жүргөндөргө кылмыш иш козголду

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде Жол кайгуул кызматынын эки инспекторунун жана алардын жанындагы эки жарандын бейбаштыгы аныкталган.

БИШКЕК, 13-июль — Sputnik. Бишкек шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматынын эки инспекторуна жарандык активисттен пара талап кылганы аныкталып, кылмыш иши козголгонун УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Дьяченко: инспекторлордун пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видеотасма иликтөөгө алынат
30-июнь күнү социалдык тармактарда ЖКК инспекторлорунун үч жүргүнчүсү бар унааны токтоткону тартылган видео жайгаштырылган. Инспектордун пара талап кылып жаткан жерин Болот Ибрагимов тартып алган. Жүргүнчүлөр кызматкерлердин документтерин сурашкан. Инспекторлордун жанында турган жарандар кийлигишип, араздашып кетишкен. Андан соң видеону алыш үчүн инспекторлор машинанын артынан кууп, мамлекеттик номерин жулуп алышкан.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, пара талап кылган инспекторлор менен алардын жанында турган бейбаштык кылган эки кишинин байланыштары бар экени такталды.

Алдын ала жыйналган далилдерге ылайык, 9-июлда шаардык жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми эки инспекторлордун жанында жүргөн эки жаранга карата Октябрь РИИБи тарабынан бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0