Арал – Казарман жолунун курулушун Кытай банкы каржылайт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын экспорт-импорт банкынын ортосунда альтернативалуу жол куруу боюнча макулдашууга кол коюлду.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативалуу жол долбоорун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт. 

Дорожный знак Ремонт дороги и Объезд - Sputnik Кыргызстан
"Бишкек – "Манас" аэропорту" унаа жолун оңдоого 1 млрд. ашуун акча бөлүндү
Үстүбүздөгү жылдын 15-июнь күнү кыргыз-кытай өкмөттөрү жана кыргыз өкмөтү менен Кытайдын экспорт-импорт банкынын ортосунда альтернативалуу жол куруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, кытай банкы Түндүк-Түштүк жолунун 195-291-чакырымындагы Арал – Казарман участогунун курулушун каржылайт.

Мыйзам 2015-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

КР Тышкы иштер жана Транспорт министрликтерине ички процедуралардын аяктаганы тууралуу Кытай тарапты кабардар кылуу тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күндүн аралыгында күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0