Кышкы каникулду узартуу сунушталып жатат

Жазылуу
Каникул мезгилин энергетика чөйрөсүндөгү кыйынчылыктардан улам узартуу керек, дейт Энергетика жана өнөр жай министрлиги.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги биргелешкен кеңеште жаңы окуу жылында кышкы каникулду узартууну сунуштап жатканын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Жыйын жүрүшүндө Билим берүү министрлигинин башкармалык жетекчиси Марат Үсөналиев окуу жылынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, 34 жумалык мектеп программасынын зарылдыгын жана кышкы каникулдун узартылышынан улам күзгү жана жазгы эс алуулардын кыскарышы тууралуу айтып берди.

"Каникул мөөнөтүн мындан да узакка узартуу балдардын билим алуусуна терс таасир тийгизет", — деди адис.

Энергетика министринин орун басары Айбек Калиев аталган жаатта боло турган кыйынчылыктар тууралуу маалымат берип, кышкы каникулдун мөөнөтүн узартуу керек экенин белгиледи.

"Өткөн жылы билим берүү мекемелериндеги каникул убактысынын узартуу менен электроэнергияны үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк болду", — деп түшүндүрдү сунуш маанисин чиновник.

Билим берүү министри Элвира Сариева балдарды окутуу процесси үзгүлтүккө учурабашы керектигин белгилеп, каникулдун узарышы мамлекеттик бүтүрүү жана кирүү экзамендеринин убактысына таасир тийгизиши ыктымал экени билдирди.

"Жаңы окуу жылына чейин бир чечимге келүү керек. Эгер кышкы каникул мөөнөтү узарса, мектеп программасын ошого ыңгайлаштыруу зарыл. Мындан тышкары, жарым жылдык убакытты пландаштыруу үчүн өзгөрүүлөр тууралуу ата-энелерди да кабардар кылуу керек", — деди министр.

Жыйын соңу менен мектеп программасынын стандартынан четтебей кышкы каникул мөөнөтүн узартуунун варианттарын иштеп чыгуу чечими аныкталды. Тийиштүү чечим өкмөт башчынын төрагалыгы менен өтө турган жыйын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0