Өлкөдө жыл сайын 20 миңге чукул адам гепатитке чалдыгат

Жазылуу
Өкмөт республикалык инфекциялык оорукананын базасында гепатологиялык борбор түзүү маселесин карап жатат.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кыргызстанда гепатитинин "С" түрүнүн жайылышына ооруну алдын алуу менен бөгөт коюуга боло турганын вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, Кыргызстанда жыл сайын гепатитке чалдыккан 11-20 миң оорулуу катталат. Мындан улам, республика перентералдык вирустук гепатит кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарына кирет. Илдет боордун өнөкөт оорусуна алып келип, боор циррозунан каза тапкан адамдардын санын көбөйтүүдө.

"Бул оорулууларды дарылоо үчүн ири суммадагы каражат талап кылынат. Илдет оорулуу адам үчүн да, жалпы мамлекет үчүн да чоң көйгөйгө айланууда", — деди Ниязалиева.

Вице-премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигине жана өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмүнө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо боюнча клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 

Ниязалиева Республикалык инфекциялык оорукананын базасында гепатологиялык борбор түзүү маселеси кароону кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0