Импорттолгон электр энергия салыктан бошотулат

© Sputnik / Марина Лысцева / Медиабанкка өтүүЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам республиканын калкын жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам республиканын калкын жана экономика тармактарын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Мында Кыргызстанга импорттолгон электр энергиясын КНСтен бошотуу каралган.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0