Отунбаева Баткенде балдар жана чек арачылар менен биргеликте Океевдин тасмаларын көрөт

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүЭкс-президент Роза Отунбаева. Архив
Экс-президент Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отунбаева эки күн Ош, Баткен облустарын кыдырып, жайлоо бала бакчалары жана жайкы мектептерде окуп жаткан кыздар, компьютердин сабатын жоюп жаткан аялдар менен жолугат.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаева эки күн Ош менен Баткен облустарында болот жана анын катышуусунда балдар, чек арачыларга режиссер Төлөмүш Океевдин тасмалары көрсөтүлөт.

Жайлоо чабаны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбукеева: жайлоо бакчасы чабан, фермерлердин балдарына кызык болуп жатат
Биринчи иретте Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда төрт жайлоо бала бакчаларына барып, балдар жана алардын ата-энелери менен, кийинчерээк чек арачылар менен жолугуп, пикир алышат.

Андан соң экс-президент Ош шаарында болуп, ОшТУдагы табигый-эстетикалык дисциплиналар — физика, математика, химия боюнча кыздардын жайкы мектебинин окуучулары, андан сырткары ОшМУнун алдындагы аялдар үчүн ачылган компьютер сабатын ачуу боюнча курсун угуучулары менен жолугат. 

Учурда "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду "Жайлоо бала бакчасы" долбоорунун алкагында Кыргызстандын жайлоолорунда 100 бала бакчада малчылардын, чабандардын 2000ге жакын баласын окутуу пландалган. 

Бала бакчалар августтун экинчи декадасынын аягына чейин иштейт. Учурда өлкөнүн ар бир дубандарында бала бакчаларды ачуу иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0