Коркмазовдун кармалганы тууралуу кесиптештеринин кабары жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңеш отурумда. Архив
Жогорку Кеңеш отурумда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Х.К. 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымат кызматы билдирди.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кесиптешим Коркмазовдун кармалганы тууралуу маалыматка аябай таң калып, оозума сөз келбей турат, дейт Sputnik агенттигине "Реформа үчүн" депутаттык топтун курамындагы эл өкүлү Роман Шин.

Жогорку Кеңештин депутаты Х.К. 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК маалымат кызматы билдирди. ЖК депутаттарынын тизмесинде "Х.К." инициалына Хаджимурат Коркмазовдун аты-жөнү туура келет. 

Шиндин айтымында, бул кабар ал үчүн абдан күтүүсүз болгон.

"Мен азыр чалып, иштин чоо-жайын аныктайм", — деди депутат.

Аталган депутаттык топтун дагы бир мүчөсү Нарынбек Молдобаев да Коркмазовдун камалышы тууралуу уга электигин билдирип, пикир айтуудан баш тартты.

Коркмазов "Реформа үчүн" депутаттык топтун курамында турат. 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0