Кыргыз-кытай чек арасы орозо айттан улам жабылат

Жазылуу
Кытайда өтө турган орозо айт майрамынан улам "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары үстүбүздөгү жылдын 18-20-июль күндөрүнө убактылуу жабылат.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Кытай эл республикасында өтө турган "Ид аль – Фитр" (Орозо айт) майрамынан улам Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Кытайда өтө турган Орозо айт майрамынан улам "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары үстүбүздөгү жылдын 18-20-июль күндөрүнө убактылуу жабылат. 

Чек арадан өтүүгө 21-июлдан тарта уруксат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0