Куйкалаган ысыкта адам өзүн кандай алып жүрүүсү керек?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте ысык аба-ырайы. Архив
Бишкекте ысык аба-ырайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 16-17-июль күндөрү абанын температурасы 45 градуска чейин ысышы мүмкүн. Мындай аптаптуу күндөрү күн өтүп кетпеши үчүн сыртта ысыкта көп жүрбөө керектигин адистер айтат. Дыйкандарга талаада тигилген өсүмдүктөрүн бат-баттан сугаруу сунуш кылынат.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Алдыдагы эки күндө Кыргызстанда адаттан тыш ысык болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Мындай ысыкта күн өтүп, ооруп калбоо үчүн ар бир жаран өзүнө кам көрүү керектигин Саламаттык сактоо министрлиги кошумчалады.

Ал үчүн төмөндөгүдөй кеңештер сунушталат:

  • Күндүн мындай ысышы жүрөк кан тамыр ооруларын күчөтүп, өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Андыктан ачык күндүн алдында көпкө жүрүү сунушталбайт. Чаңкаганда өтө муздак эмес, салкын жерде турган суусундуктарды ичүү керек. Өзгөчө спирт ичимдиктери, кофе жана сыра ичип суусундукту кандырганга болбойт. Ысыктын күнү 1,5-2,5 литр суу ичүү сунушталат.
  • Айлана-чөйрөдөгү температура 25 градустан ашкан убакта кара жумуш иштөөгө, дарылоочу массаж жасатууга жана оор дене тарбия көнүгүүлөрүн жасабоо керек, себеби мындай аракеттер жүрөк-кан тамыр системасына кошумча оорчулук алып келет.
  • Ал эми жүрөк кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер дарыгердин көрсөтмөлөрүн дыкат сактап, ал жазып берген дары-дармектерди маалында ичүүсү керек. Кан басымы жогору болгон жарандар жана кант диабети менен ооругандар да ден соолугуна кам көрүп, кан басымын жана кандагы шекердин деңгээлин текшерип туруусу керек. Ысыктын күнү тамак-аштан уулануулар да көп болгондуктан таза, жаңы даярдалган тамактарды ичүү сунушталат. 
  • Күн өтүп кеткендин алгачкы белгилери – баш айланат, жүрөк ылдам согуп баштайт, көңүл айныйт, муздак тер басат, тери кызарат, шай кетет.
  • Жардам керек болгон учурда 112 номерине кайрылуу керектигин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.
Жаңылыктар түрмөгү
0