ӨКМ: Ала-Арчанын деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАла-Арча дарыясы. Архив
Ала-Арча дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер суу деңгээлинин көтөрүлүшү улана берсе, административдик жана маданий-тиричилик имараттарды, жайкы коттедждерди, автожолду, коммуникацияны суу капташы мүмкүн.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Адаттан тыш ысыктан улам Ала-Арча дарыясында суу деңгээли көтөрүлүп жатканын ӨКМ маалымат кызматы билдирди.

Тоо көлдөрүнүн ташып кетип, шаарды каптоо коркунучу азырынча жок - Sputnik Кыргызстан
Тоо көлдөрүнүн ташып кетип, шаарды каптоо коркунучу азырынча жок
Маалыматка ылайык, суу деңгээлинин көтөрүлүшү менен суу каптоо коркунучу күч алууда. 

Ала-Арча улуттук паркында суунун жээктен чыккан учурлары катталды. Эгер суу деңгээлинин көтөрүлүшү улана берсе, суу административдик жана маданий-тиричилик имараттарды, жайкы коттедждерди, автожолду, коммуникацияны капташы мүмкүн.

Суу деңгээлинин кескин көтөрүлүшүнөн жана сел агымынан адам өмүрүн сактоо максатында альплагерде эс алып жүргөн туристтер тобу менен жарандарга дарыядан алыс жайгашып, этият болуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0