Депутат Коркмазов эки ай камакка алынды

© пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин депутатын 15-сентябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин депутатын 15-сентябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

БИШКЕК, 17-июль — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовду Октябрь райондук соту эки ай камакка алуу чечимин кабыл алды. Мындай чечимди сот Нурлан Эсенбаев чыгарды.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы 15-июнда Жогорку Кеңештин депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. 

Райондук сот Коркмазовду УКМКнын абагына 15-сентябрга чейин калтыруу чечимин кабыл алды.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутаттын кызматтык абалынан пайдалануу жана пара талап кылууда коррупциялык фактыларды аныктаган.

"Х.К. аттуу депутат Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевдин жакындарынан кылмыш ишин Жогорку сотто кароодо жакшы чечим чыгартып бергенге жардам берем деп 200 миң доллар талап кылганы аныкталды", — деп айтылат шаршемби күнү УКМКнын тараткан билдирүүсүндө.

2015-жылдын 15-июлунда аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызматтык абалынан пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0