Аскаровдун сыйлангандыгы үчүн КР АКШ менен түзүлгөн келишимди бир жактуу жокко чыгарат

© Sputnik / В. Киселев / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаментинин "Адам укуктарын коргоочу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстан жана АКШ аралык достук мамилелердин деңгээлине ылайык келбейт жана коомдук туруктуулукка коопсуздук жаратат деп айтылат КР өкмөтү тараткан билдирүүдө.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Азимжан Аскаровго тапшырылган сыйлыктын айынан Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго "Адам укуктарын коргоочу" сыйлыгын тапшырган. АКШнын мындай аракети эки мамлекеттин достук мамилелеринин деңгээлине ылайык келбейт жана коомдук туруктуулукка коопсуздук жаратат деген билдирүүнү кыргыз өкмөтү расмий түрдө таратты.

"Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыруусу, массалык башаламандыктарды уюштуруусу, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо орган кызматкерин ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон", — деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.

АКШнын КРдеги убактылуу элчисине каршылык нотасы тапшырылды
Ошондой эле, сот чечими аныкталган далилдердин негизинде чыгарылганы, Аскаровдун күнɵɵсү бардык соттук инстанциялар тарабынан далилденгенин өкмөттүн маалымат кызматы баса белгилейт. Андыктан бардык сот органдары тарабынан оор кылмыш үчүн соттолгон адамдын сыйлыкка кɵрсɵтүлүүсү терең тынчсызданууну туудурат деген пикирин кыргыз өкмөтү билдирет.

КР Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзды чакырып, ага кыршылык нотасын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0