Атамбаев атайын операцияга катышкан УКМКнын жоокерлерин сыйлыкка көрсөтүүнү тапшырды

Жазылуу
Бусурманкул Табалдиев 2015-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында УКМКнын атайын багыттагы бөлүгү тарабынан ишке ашырылган эл аралык террордук уюмдардын жоочуларын жок кылуу боюнча контртеррористтик операция жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 18-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев атайын операцияга катышкан УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү, ошондой эле жарадар болгондорду зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылып, аларды медициналык тейлөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Бул максаттарга мамлекет башчысы акча каражаттарын бөлдү.

Бусурманкул Таабалдиев 2015-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында УКМКнын атайын багыттагы бөлүгү тарабынан ишке ашырылган эл аралык террордук уюмдардын жоочуларын жок кылуу боюнча контртеррористтик операция жөнүндө айтып берди.

"Атайын операциянын жүрүшүндө 4 жоочу жок кылынып, 7 террорчу кармалды, тергөө иштери жүрүп жатат. УКМКнын 4 кызматкерлери жараат алышты, азыр алардын ден соолугу канааттандырарлык абалда. Көп сандагы курал жана ок-дарылар тартылып алынды", — деп билдирди Бусурманкул Табалдиев.

Мамлекет башчысы террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү, өлкөгө жана анын жарандарына каршы багытталган ушул сыяктуу кылмыштардын бетин ачып, тамырын кыркуу боюнча УКМКнын ишмердигин мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0