Масимов казакстандыктар ɵздɵрүн Кыргызстанда коопсуз сезерин баса белгиледи

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКазакстандын премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга иш сапары менен келип, Темир Сариев менен Чолпон-Атада жолукту.
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга иш сапары менен келип, Темир Сариев менен Чолпон-Атада жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга иш сапары менен келип, Темир Сариев менен Чолпон-Атада жолукту.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга казак туристтери көп келерин белгилеп, алар бул жакта ɵздɵрүн коопсуз сезип, ɵзгɵчɵ меймандос мамилеге кабылат деп белгиледи. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

19-июлда, Чолпон-Ата шаарында премьер-министр Темир Сариев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту.

Масимов жайында Ысык-Кɵлгө келген туристтердин арасында Казакстан жарандары кыйла кɵбүрɵɵк болорун, казак-кыргыз бир тууган элдерден экенин баса белгиледи.

"Казак жарандары Кыргызстанда ɵздɵрүн коопсуз сезип, ɵзгɵчɵ меймандос мамилеге кабылышат", – деп билдирди казак премьер-министри.

Премьер-министр: Ысык-Көлдө жыл бою эс алууга боло тургандай шарт түзүүбүз абзел
Жолугушууда тараптар эки ɵлкɵ ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык мамилелерди жана Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулуудагы иш-чараларды талкуулады.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча сүйлɵшүүлɵрдү ɵткɵрүү үчүн үстүбүздɵгү жылдын 20-июлунда кыргыз өкмөтүнүн атайы делегациясын Казакстанга жɵнɵтүү макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0