Темир Сариев казакстандыктарды Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырды

Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жаткандыктан кыргыз-казак чек аралары ачыла турганын белгилеген казак премьер-министри бардык казакстандыктар Ысык-Көлгө келет деп ишене турганын билдирди.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев казакстандыктарды Ысык-Көлгө тез-тезден келип эс алып кетүүгө чакырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жекшемби күнү, 19-июлда Сариев Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугуп, эки мамлекеттин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде Алматы — Чолпон-Ата жолун курууну тездетүү да каралды.

Өз кезегинде Масимов студенттик жылдарынан бери биринчи жолу машина менен эмес, жөө келгендей болгонун белгиледи.

"Мен Ысык-Көлгө жөө келгендей болдум. Хан-Тенгри аркылуу чек арадан жөө өттүм. Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жатат, демек, биздин чек аралар ачылат. Мен сыяктуу эле бардык казакстандыктар Ысык-Көлгө келет деп ишенем", — деди ал. 

Жекшемби күнү, 19-июлда Сариев менен Казакстандын премьер-министри Карим Масимов Чолпон-Ата шаарында жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0