Кулматов мэрия структураларынын өз ара чабал ишин белгиледи

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди, Курманжан датка, Ибраимов, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндөгү оңдоо иштери менен таанышты. Архив
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди, Курманжан датка, Ибраимов, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндөгү оңдоо иштери менен таанышты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар көчөлөрүнүн абалын текшерүү учурунда мэр Кулматов муниципалитеттин тийиштүү департаменттери уюшкандык менен иштөөнү дагы деле үйрөнө электигин билдирди. Бул өз кезегинде мэрия ишинин жалпы жыйынтыкка терс таасирин тийгизүүдө.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Махатма Ганди, Курманжан датка, Ибраимов, Ауэзов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүндөгү оңдоо иштери менен таанышып чыкканын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда шаар башчысы структуралык бөлүмдөрдүн дарегине бир катар сын айтып, негизинен бактардын кыркылышы жана көчө бойлой өскөн чөптөрдүн чабылышы боюнча "Зеленстрой" ишканасынын иши менен канааттанбай турганын билдирди. 

"Бишкексвет" кичи ишканасынын жетекчилигине Кулматов көчөлөрдүн оңдолушу менен бирге аларды жарыктандырууну тапшырды.

"Ири магистралдык жолдорду буга чейин болуп көрбөгөндөй масштабдуу реконструкциялоо мэрия структурасынын чабал ишин тастыктап жатат", — деди Кулматов.

Калаа башчысы бардык кемчиликтерди кыска мөөнөттүн ичинде жоюуну тапшырып, кызматтардын жогорку уюшкандыкта иштөөсүн талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0