Контртеррористтик аракеттен жапа чеккендер өкмөттөн керектүү жардам алышат

© пресс-служба мэрии города БишкекПо 80 тыс сомов от мэрии получат пострадавшие от спецоперации ГКНБ
По 80 тыс сомов от мэрии получат пострадавшие от спецоперации ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндө" мыйзамдын 38-беренесине ылайык, террористтик аракеттерден келтирилген чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен төлөнөт.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Контртеррористтик аракеттен жапа чеккендер өкмөттөн керектүү жардам ала турганын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. 

Талкаланган үй жана көзүнө жаш алган кожойке – атайын операциядан кийинки кадрлар
Бейшемби күнү, 16-июлда Бишкек шаарынын Горький жана Темиров көчөлөрүнүн кесилишинде УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө эл аралык террордук топтун мүчөлөрү жок кылынган. Аталган топ өлкөдө бир нече террористтик чабуулдарды жасоону пландаганын атайын кызмат билдирген. Операция маалында төрт согушчан жок кылынып, УКМКнын төрт аскери жаракат алган.

Контртеррористтик аракеттен жапа чеккендерге жардам берүү боюнча комиссия түзүлүп, аны вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектеди. Комиссия премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен түзүлгөн.

Комиссиянын курамына ӨКМ, УКМК, ИИМ, Каржы министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак-жай чарбасы боюнча мамлекеттик агенттеги жана өкмөттүн тийиштүү бөлүмдөрү кирди.

Окуя болгон күндөн тарта ӨКМдын атайын комиссиясы иш алып барып, тийиштүү органдар менен биргеликте келтирилген чыгымдын көлөмүн эсептөөдө.

"Алдын ала маалыматтар боюнча келтирилген чыгымдар эртең аныкталып бүтөт. Биринчи кезекте жабыр тарткан жарандарды нормалдуу жашоо шарт менен камсыздоо керек", — деди Маматалиев.

"Терроризмге каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзамдын 38-беренесине ылайык, террордук аракеттерден келтирилген чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат деп жазылганын Маматалиев кошумчалады.

Бишкек мэриясынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун айтымында, жабыр тарткан жарандар түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууда.

"Атайын операция учурунда беш үй-бүлө жабыркаган. Алардын экөө социалдык жатаканадан убактылуу баш калкалоо берилди. Бардык кеткен чыгымдарды мэрия өзүнө алды. Үйү жарым жартылай талкаланган эки үй-бүлөгө электр зымдары, газ жана байланыш түйүндөрү кайтадан кошулууда", — деди Кулматов.

Андан сырткары жабыр тарткан үй-бүлөлөргө алгачкы материалдык жардам катары мэриядан 50 миң сомдон жана Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан 30 миң сомдон берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0