Атамбаев атайы операциядан жапа чеккендерге 5 млн. сом акча бөлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды.
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы үч үйдүн курулушун тездетүү жана жапа чеккен үйлөрдү ремонттоону аяктоо боюнча Бороновко тапшырма берди.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет. 

Атайы операция учурунда үй-жайы күйүп кеткендерге өкмөт жардам көрсөтөт
Жолугушуу жүрүшүндө Боронов өлкө башчысына УКМКнын атайын багыттагы жоокерлери тарабынан ишке ашырылып, анын жыйынтыгында террористтик уюмдун мүчөлөрү камакка алынган атайын операциянын кесепеттерин жоюу боюнча министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

Маалыматка ылайык, өрт болгон жердин жалпы аянты 2000 чарчы метрди түзгөн. 

Атамбаев президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан жапа чеккен үйлөрдү калыбына келтирүү жана ремонттоо үчүн 5 миллион сом бөлгөн. Өлкө башчы үч үйдүн курулушун тездетүү жана жапа чеккен үйлөрдү ремонттоону аяктоо боюнча Бороновко тапшырма берди. 

"Адамдарга зарыл болгон бардык жардам берилиши керек. Эч ким үй-жайсыз калбоого тийиш. Аны үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдар бардык маселелерди ыкчам чечүүгө милдеттүү", — деди президент.

Учурда жапа чеккендерге жардам көрсөтүү жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0