Геология агенттиги тургундарга кен жайларын иштетүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Жазылуу
Мамлекеттик геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, талкуу жүргүзүү – кен жайларын иштетүү тармагындагы мамлекет жасап жаткан реформалар тууралуу маалымат жайылтуунун натыйжалуу ыкмасы деп эсептейт.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. Кыргыз өкмөтү кен жайларын иштетүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча ири маалыматтык  түшүндүрүү иштерин баштоону көздөп жатканын "Недра" коомдук фондунун маалымат кызматы билдирет.

Маалымат кампаниясы кен жайларын иштетүүнү өнүктүрүү стратегиясында каралып, жакынкы арада аткарыла турган иш-чараларга ылайыкташкан. 

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сыртка чыгарылган кен байлыктарга карата экспорттук бажы алымын киргизүү сунушталууда
Кампания алкагында республика боюнча облустук жана райондук администрация өкүлдөрү, жергиликтүү кеңеш мүчөлөрү, өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, журналисттер жана жергиликтүү тургундар үчүн сегиз көчмө семинар өтөт.

Мамлекеттик геология агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, талкуу жүргүзүү – кен жайларын иштетүү тармагындагы мамлекет  жасап жаткан реформалар тууралуу маалымат жайылтуунун натыйжалуу ыкмасы деп эсептейт.

Анын айтымында, мындай талкуулар  туура жана так маалымат берип, элдин каршылыгын басаңдатат.

Маалыматка ылайык, семинарлар үстүбүздөгү жылдын 21-30-июль күндөрү төмөнкү аймактарда өтөт:

 

  • 21-июль саат 10.00 — Панфилов райондук мамлекеттик администрация имараты, Чүй облусу;
  • 22-июль саат 10.00— Талас облустук мамлекеттик администрация имараты, Талас облусу;
  • 23-июль саат 10.00— Нарын облустук мамлекеттик администрация имараты, Нарын облусу;
  • 24-июль саат 10.00— Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация имараты, Ысык-Көл облусу;
  • 27-июль саат 13.00 — Баткен облустук мамлекеттик администрация имараты, Баткен шаары, Баткен облусу;
  • 28-июль саат 10.00 —Кадамжай райондук мамлекеттик администрация имараты, Баткен облусу;
  • 29-июль саат 10.00 —Ош областук мамлекеттик администрация имараты, Ош шаары, Ош облусу;
  • 30-июль саат 10.00 —Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрация имараты, Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусу.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0