УКМКнын атайын операциясынан талкаланган үч үйдү калыбына келтирүүгө болбойт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевВице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча УКМКнын атайын операциясы учурунда талкаланган үч үй жанында. Архив
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Ислам мамлекети террористтик тобунун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча УКМКнын атайын операциясы учурунда талкаланган үч үй жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн бейшемби күнү, 16-июлда "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрүн Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнөн жок кылууда беш үй талкаланган.

БИШКЕК, 21-июль — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрүн жок кылуу боюнча УКМКнын атайын операциясы учурунда талкаланган үч үйдү калыбына келтирүүгө болбой турганын вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев маалымат жыйында билдирди.

Өткөн бейшемби күнү, 16-июлда Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү үйлөрдүн биринен "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүн жок кылууда беш үй талкаланган.

"Учурда үй-бүлөлөр жатаканага жайгаштырылды. Алар жашоосу үчүн минималдуу шарттар түзүлгөн. Бүгүн иликтөө иштери  аягына чыгат, андыктан калыбына келтирүү иштери башталат", — деди ал.

Үйүнөн айрылган жашоочулар өз турак-жайлары толук калыбына келтирилишин талап кылып атышканын Маматалиев кошумчалады.

Ошондой эле Маматалиев мэрия ар бир үй-бүлөгө 80 миң сомдон төлөп бере турганын эскертип, жабыркагандарга жардам берүү үчүн өз фондунан мамлекет башчысы 5 миллион сом бөлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0