Аламедин дарыясы. Архив

Аламүдүн дарыясынын деңгээли көтөрүлүүдө

51
(жаңыланган 13:03 22.07.2015)
Арашан айыл аймагындагы "Электрик" дачасы турган жерден өткөн дарыянын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Арашандагы "Электрик" дача аймагы жактан өткөн Аламүдүн дарыясынын жээктерин бекемдөө иштеринин жүрүшүнө Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү көз салганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Шейшемби күнү, 21-июлда эртең менен Аламүдүн, Ала-Арча, Ысык-Ата, Нооруз тоо дарыяларынын деңгээли көтөрүлгөнү байкалган. Андыктан министр дарыяга жакын жайгашкан дача аймактарын суу каптабашы үчүн тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырганын басма сөз кызматы белгиледи.

"Дарыянын жээктерин бекемдөө иштерине атайын үч техника — экскаватор, жүктөгүч жана ХОВО жүк ташыган машинасы тартылган. Бүгүн 22-июлда дагы бир экскаватор алынып келет", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМдин адистеринин айтымында, учурда суунун көлөмү 30 кубометрди түзүүдө.

Адаттан тыш ысыктан улам өлкө аймагындагы дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүүдө.

51
Белгилер:
суу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кубатбек Боронов, Аламүдүн дарыясы
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

11
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

11
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

511
14-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

511
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

0
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

0
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат