Нарын менен Таласта биометрикалык маалымат чогултуунун жүрүшү текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев Талас облусунда бардык райондун жашоочулары менен жолугуп, биометрикалык маалымат чогултуунун экинчи баскычын жандандыруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү маселелерин талкуулайт.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев эки күндүк иш сапары менен Нарын жана Талас облустарына барарын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, Сарпашев иш сапарынын алкагында аталган облустарда биометрикалык маалымат чогултуунун экинчи баскычын текшерет.

Биометрикалык маалымат чогултуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалыматты жергиликтүү бийлик үймө-үй кыдырып чогултат
22-июлда биринчи вице-премьер Жумгал жана Кочкор райондорунун активи менен жолугат. Андан соң Нарын шаарында Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа райондорунун тургундары менен талкуу жүргүзөт.

23-июлла Сарпашев Талас облусунда бардык райондун жашоочулары менен жолугуп, биометрикалык маалымат чогултуунун экинчи баскычын жандандыруу жана шайлоочулардын тизмесин түзүү маселелерин талкуулайт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда биометрикалык маалымат тапшырган жарандардын саны 2 миллион 570 миңге жетти. Биометрикалык маалымат чогултуу жараяны ушу жылдын 1-августунда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0