Атамбаев күч түзүмдөрү үчүн курулуп жаткан үйлөргө 80 млн. сом табууну тапшырды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКуруу иштери. Архив
Куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда президент Сариев менен өкмөттүн кышка даярдыгын талкуулады.

БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө УКМК кызматкерлери үчүн курулуп жаткан турак үйлөрдү аяктоого кошумча 80 миллион сом табууну тапшырганын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирет.

Атамбаев 21-июлда премьер-министр Темир Сариевди кабыл алды.

Маалыматка ылайык, президент курулуп жаткан үйдөн УКМК кызматкерлери менен бирге террористтик топту жок кылууга катышкан атайын даярдыктагы жоокерлерге да квартира берилиши керектигин баса белгилеген.

Мындан тышкары, жолугушуу учурунда Атамбаев премьер-министр менен өкмөттүн кыш мезгилине даярдыгын талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0