Милиционер фуражкасы. Архив

Сариев укук коргоо органдарына бизнес өкүлдөрүн мыйзамсыз текшерүүгө тыюу салды

34
(жаңыланган 10:21 23.07.2015)
Өкмөт башчысы мамлекеттик органдар ишкерликтин ɵнүгүүсүнɵ тоскоол кылбастан, тескерисинче, анын ɵнүгүүсүнɵ кɵмɵктɵшүүсү зарыл экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Укук коргоо органдары бизнес чөйрөсүндөгүлөрдүн ишкердигине тоскоол кылбашы керектигин премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна даярдык көрүү боюнча  кеңешмеде белгиледи.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө, премьер-министр бизнес коомчулугуна ɵкмɵт тарабынан максималдуу кɵмɵк кɵрсɵтүлɵрүн айтты.

Буга байланыштуу Сариев бардык тийиштүү органдары — УКМК, Коррупцияга каршы кызмат жана ИИМ бизнес ɵкүлдɵрүн мыйзамсыз текшерүүсүнө тыюу салды. 

Өкмөт башчысы мамлекеттик органдар ишкерликтин ɵнүгүүсүнɵ тоскоол кылбастан, тескерисинче, анын ɵнүгүүсүнɵ кɵмɵктɵшүүсү зарыл экенин кошумчалады..

34
Белгилер:
Кыргызстан, Темир Сариев, Евразиялык экономикалык биримдик, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети
Тема боюнча
Диль: Кыргызстан италиялык ишкерлер үчүн бардык шартты түзүп бере алат
Сыркоологон кыз. Архив

Сасык тумоолоп жатканда көздү кантип сактоо керек. Офтальмологдун сунушу

2
Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Суук тийгизип алганда же сасык тумоолоп жатканда гаджеттерди көп колдонбой, көздү эс алдырган туура. Ошондой эле нымдоочу каражаттарды тамчылатып туруу керектигин Sputnik радиосунун эфиринде офтальмолог, медицина илимдеринин доценти Ирина Лещенко билдирди.

Дарыгердин айтымында, организм ууланганда, вирус жугузуп алганда же суук тийгенде көздөр абдан кыйналат. Өзгөчө мурун бүтүп, тамак ооруп турганда көздөргө кадимкидей күч келет.

"Кишинин ооруп жатканы сыртынан билинбесе дагы айрымдар карап туруп эле "көзүң жаман", "көзүң анча эмес" деп анын кыйналып турганын билип коюшат эмеспи. Андыктан ооруп жатканда көздү кыйнап, гаджеттерди, өтө жарык нерселерди карабай койгон туура. Ошондой эле көздү нымдап турчу каражаттарды тамчылатуу зарыл", — деди Лещенко.

Ал эми ооруганда көздөрү кызарып кеткен адамдарга кан тамырларын бекемдөө үчүн дарылануу сунушталат. Анткени көз кыйналган учурда алсыз кан тамырлар жарылып кетет.

Сөзүнүн аягында дарыгер көзгө С витамини өтө пайдалуу экенин кошумчалады.

 

2
Белгилер:
сасык тумоо, көз, оору, витамин, дарыгер
Тема боюнча
Көрбөй, укпай каласың! Министрлик тамекинин зыянын эскертти
D витаминди көп ичүүнүн кесепети кандай болорун эндокринолог айтып берди
Начар иммунитеттин алты белгиси. Буларды тоготпой коюуга болбойт
Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев. Архив

Аскар Акаев Армениянын экс-президенти Левон Тер-Петросян менен жолукту

72
(жаңыланган 05:15 24.09.2021)
Өлкө башчылары 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан. Ошондой эле экөөнү илимден саясатка келгени бириктирип турат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Ереванда Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев менен Армениянын мурдагы өлкө башчысы Левон Тер-Петросян жолукту. Бул тууралуу Армениянын улуттук конгрессинин маалымат катчысы Арман Мусинян Facebook баракчасында билдирди.

Жолугушуу бейшемби күнү Тер-Петросяндын хан сарайында өткөн.

Акаев Ереванга Россия-Армения университетинин чакыруусу менен барган. Окуу жайдын жетекчилиги ага ардактуу доктор наамын ыйгарууну пландап жатканы айтылат. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчысы бир катар лекцияларды окумакчы.

Мусинян белгилегендей, Тер-Петросян менен Акаев 8 жылдай эки тараптуу деңгээлде жана КМШ алкагында активдүү кызматташкан.

"Бөтөнчө экөө тең илимден саясатка келгени бири-бирине жакындатып турчу", — деген Мусинян.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүргөн. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Быйыл августта 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келген Аскар Акаев УКМКга кирип сурак берген. Ал Кумтөр боюнча болгон чындыкты айтып берерин билдирген.

72
Белгилер:
Кыргызстан, Армения, Аскар Акаев, жолугушуу
Тема боюнча
Акаев Кумтөр боюнча сурактан кийин бүгүн Москвага учуп кетти