Данияр Нарымбаев. Архив

Нарымбаевдин иши боюнча судья Турганбеков күбө катары суракка алынат

130
(жаңыланган 17:12 23.07.2015)
Коркмазовдун айтымында, Нарымбаев буга чейин эле сотто Түлеевдин ишин оң жагына ооштуруу үчүн 50 миң доллар акча алган. Сотко Турганбеков төрагалык кылмак.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Канатбек Турганбеков Башкы прокуратура тарабынан күбө катары сурала турганын мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш прокурору Нурлан Тагаев билдирди.

Шаршемби күнү камакка алынган депутат Хаджмурат Коркмазов Башкы прокуратурада беттештирүү учурунда соттолгон Нариман Түлеевдин жакындарынан Данияр Нарымбаевдин айтуусу менен акча талап кылганын билдирди. Анын айтымында, процесске Турганбеков төрагалык кылмак.

"Турганбек сөзсүз түрдө коррупция боюнча иштин алкагында сурак берет. Эгер кармалган жаран менен күбөнүн айткандарында карама-каршылык болсо, беттештирүү жүргүзүлөт. Муктаждык жаралса, сурактан кийин Соттор кеңешине сунуш беребиз, алардын уруксаты менен Турганбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот", — деди Тагаев.

Ал Жогорку соттун судьялары кол тийбестик макамына ээ экендигин кошумчалады.

15-июль күнү УКМК парламент депутаты Хаджимурат Коркмазов 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Башкы прокуратура маалымдагандай, беттештирүү учурунда Коркмазов Нарымбаевдин жүзүн ачкан көрсөтмө берген. Анын айтымында, депутат Нарымбаев менен Түлеевдин жакындарынын ортосунда ортомчулук милдетти аткарган. Нарымбаев президенттин аппаратын жетектеп турганда сотто Түлеевдин ишин оң жагына ооштуруу үчүн 50 миң доллар акча алган. Коркмазовдун билдирүүсүндө, сотко Турганбеков төрагалык кылмак.

130
Белгилер:
Данияр Нарымбаев, Нариман Түлеев, Хажимурат Коркмазов, Канатбек Турганбеков, коррупция, пара
Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды
Данияр Нарымбаев коррупцияга шектелип кармалды
Данияр Нарымбаев кызматынан кетип, анын ордуна Темир Жумакадыров келди

Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика

9
(жаңыланган 20:39 24.10.2021)
Sputnik Кыргызстан көбүрөөк суроо-талап менен сатылып жаткан майды аз ичүүчү автоунаалардын баасы кандай өзгөргөнүн анализдеп көрдү.
Кыргызстанда эң өтүмдүү  автоунаалардын баасы

Инфографикада чыккан жылы жаңы унаалардын орточо наркы берилген. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына чыккан маалыматка карап январь-октябрь айларында жүргүзүлдү.

Эң көп сатылган 10 автоунаага төмөнкүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Mazda Demio;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Дээрлик бардык унаалар 200дөн 1000 долларга чейин кымбаттаган.

Сатуучулар жана эксперттер машинанын баасы улам кымбаттай берет деген пикирде. Экономист Элдар Абакиров буга акчанын кунунун кетиши таасир этерин айтат.

"Элде накталай акча бар, бирок аны менен бай болуп кете албайсың. Болгону акча кунун жоготуп баратат. Ушундан улам баары, анын ичинде машина дагы кымбаттап жатат", — деди эксперт.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев баалардын төмөндөшүнө үмүт артпай эле коюу керек деген пикирде.

"Учурда дээрлик баары кымбаттап жатат, ал эми машина суроо-талап менен колдонулат. Мындай кырдаалда эч качан арзандабайт. Бул реалдуулук, жакшы машина алуу үчүн акча чогултуш керек", — деди ал.

"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автоунаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы да себеп болууда.

9
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баа, сатып алуу, кымбат
Тема боюнча
Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү
Лампочка. Архив

Бишкек менен Чүйдүн айрым райондору 25-октябрда жарыксыз калат. Убактысы

53
Үч конушта, баш калаанын айланасындагы айрым айылдарда, ошондой эле Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр энергиясы болбойт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 25-октябрда, Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым райондорунда электр кубаты өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Мекеменин жумушчулары жабдууларды оңдоо, чубалгы тартуу, таяныч устундарын орнотуу жана трансформаторлорду сынактан өткөрүү иштерин жасайт.

Электр жарыгы өчүрүлүүчү аймактар:

  • 9:00дөн 16:00гө чейин — Чоң-Арык айылында (Северная, Жеңиштин 50 жылдыгы, Шушенский кууш көчөсү);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого (Чүй 4-6, 39-47 көчөлөрү) жана Арча-Бешик конушу (Чатыр-Көл, Шералиев, Сандык-Төр көчөлөрү)
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Көлмө конушу, Волков, Месарош, Троицкий, Бейшеналиева, Зеленая, Ала-Арча көчө бөлүктөрүндө, маал-маалы Мраморный кууш көчөсүндө жана Бөкөнбаев көчөсүндөгү № 249, 251 үйлөрдө;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 3-кичи райондогу № 17 турак үйдө;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Орто-Сай айылында (Рысмендиев көчөсүндөгү 2, 3, 3а үйлөрүндө, Ормокоев көчөсүндөгү № 49 үйдө);
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Осмонкул, Жумабек, Сүйүмбаев, Огонбаев, Баетов, Салиева көчө бөлүктөрүндө жана Аламүдүн кууш көчөсүндө;

Өчүрүүлөр ошондой эле Чүй облусунун бардык райондорунда пландалган.

53
Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, электр жарыгы, жарык өчүрүү, көчө, район, график
Тема боюнча
Энергетика министрлиги: 1-ноябрдан тарта жарык өчүрүлбөйт