Аламедин дарыясы. Архив

Куткаруучулар дарыя сууларына жакын жашагандарга үйлөрүнөн кетүүнү сунуштап жатат

49
(жаңыланган 17:16 23.07.2015)
Кооптуу абал Аламүдүн, Сокулук жана Ала-Арча дарыяларында сакталууда. Учурда куткаруучулар жээктерге дамба орнотуу менен алек.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Аламүдүн, Сокулук жана Ала-Арча дарыяларына жакын жашагандарга суу каптоо коркунучунан улам убактылуу үйлөрүнөн чыгып кетүүсү керектигин ӨКМ Чүй облусу боюнча Башкармалыгынын жетекчиси Жамбылбек Жумагулов билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда адаттан тыш ысыкка байланыштуу сел жүрүү кооптуулугу августтун ортосуна чейин сакталат. Казакстанда 23-июлга караган түнү Алматынын Наурызбай районун суу каптап кеткен. Жабыркагандар болгон эмес.

Жумагуловдун айтымында, дарыялардын жээгин бекемдөө боюнча дамбалар орнотулуп жатат. Бул иштерге 30га жакын куткаруучу тартылган.

"Тоодон таш ташып келип, жээктерди бекемдеп жатабыз. Азыр Аламүдүн дарыясында иштеп жатабыз, андан кийин Сокулукка өтөбүз. Кечээ ал жерде суу электр зымдарын жууп кете жаздады. Ала-Арча биздин көзөмөлдө", — деди Жумагулов.

Адистер Кыргызгидрометке таянуу менен июль айында абанын температурасы 42 градуска чейин жогорулай турганын билдирди. Бул мөңгүлөрдүн эришине жана суу деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келет. Суу каптоо коркунучу август айынын ортосуна чейин сакталары айтылууда.

49
Белгилер:
дарыя, куткаруучулар, суу, Аламүдүн дарыясы, Ала-Арча дарыясы, Сокулук, Кыргызстан
Тема боюнча
Аламүдүн дарыясынын деңгээли көтөрүлүүдө
Шарап. Архив

Ашказанды бузат. Шарапты кайсы тамактар менен аралаштырбоо керектиги айтылды

20
Дарыгер ичимдик менен айрым тамактарды кошо ичүү гастрит, ашказан жарасы жана панкреатит ооруларын күчөтөрүн билдирди.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Шарап менен эмнелерди аралаштырып жесе болбой турганын РИА Новостиге гастроэнтеролог Анна Денисова айтып берди.

Адис шарап сыяктуу алкоголдук ичимдик менен майлуу жана ачуу тамактарды колдонуунун зыянын эскертти.

"Куйрук май, колбаса, семга, скумбрия, маринаддалган жашылча, суши жегенде колдонгон васаби татымалын шарап менен аралаштырган болбойт. Бөтөнчө гастрити же ашказанында жарасы барлардын оорусу күчөп кетиши мүмкүн. Ичимдик менен майлуу тамак ашказанга түшкөндө панкреатит да катуу кармайт. Мындайда бейтап ооруканага түшүп, операциялык жол менен дарыланышы мүмкүн", — деген дарыгер.

Мындан тышкары, гастроэнтеролог күнүнө бир-эки гана бокал шарап ичүүнү сунуштап, көп ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалаган.

Ошондой эле ичимдиктин өзүн эле ичүү да кооптуу экенин билдирген.

20
Белгилер:
ден соолук, ашказан, шарап
Тема боюнча
Кофеиндүү суусундуктар менен алкоголду чогуу ичүү жүрөк ыргагын бузат
Витаминдер. Архив

Адам сынынан кетпеши үчүн витамин ичүүнүн зарылдыгы барбы

31
Адистин айтымында, кайсы бир препаратты ичерден мурда дарыгер менен кеңешүү керек. Ошондой эле витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу зарыл.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бой келбети келишимдүү болушун каалаган адамдарга витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмалардын кереги бар же жок экенин нутрициолог, фитнес жана дарылоочу көнүгүүлөр боюнча адис Арина Скоромная РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Эч бир витамин же биологиялык активдүү кошулмаларды ичпей деле жүрө берсе болот. Бирок дене бой ойдогудай болушу үчүн организмдеги бардык заттар жетиштүү болушу шарт. Витаминдерди тамактан керектүү көлөмдө баары бир ала албайбыз. Алыш үчүн абдан көп тамактанышыбыз керек. Негизи биз сөз кылып жаткан заттар организмге жардамчы катары зарыл", — деди адис.

Ошондой эле Скоромная кайсы бир препаратты ичерден мурда бир ооз дарыгер менен кеңешүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ал витаминдер менен биологиялык активдүү кошулмаларды ири жана ишенимдүү дарыканалардан гана сатып алуу керектигин кошумчалады.

31
Белгилер:
арыктоо, организм, адис, ден соолук, витамин
Тема боюнча
Адис: туура эмес арыктаган аялдын этек кири токтоп калышы мүмкүн