Аламүдүн суусунун жээги бекемделип жатат

© пресс-служба МЧС КРАламүдүн дарыясынын жээги бекемделип жатат
Аламүдүн дарыясынын жээги бекемделип жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймакта жашаган бир нече үй-бүлө өз үйлөрүн таштап кетишкени маалымдалды.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Арашан айыл аймагындагы "Электрик" дача участогу аркылуу өтүүчү Аламүдүн суусунун 40 метр жээги бекемделгенин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, аймакта жашаган бир нече үй-бүлө өз үйлөрүн таштап кетишкен.

"Коргоочу дамбаларды орнотууну улантып жатабыз. Сууга жакын жайгашкан үйлөрдүн суу каптоо коркунучун алдын алуу үчүн анын үстүнө шагыл төгүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээкти бекемдөө иштерин үчүн  атайын жети техника тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0