Кыргызстандын танкалары Россияда өтө турган мелдешке катышат

© Sputnik / Табылды КадырбековТанкист Бишкектеги парадда. Архив
Танкист Бишкектеги парадда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы чемпионат 1-15-август күндөрү өтөт. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Индия, Ангола, Никарагуа, Сербия, Кытай, Венесуэла, Пакистан мамлекеттеринин катышуусу күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын аскерлери Россиянын Алабино полигонунда өтө турган эл аралык "Танк биатлону — 2015" мелдешине катышуу үчүн жөнөп кеткенин штабдын маалымат кызматы билдирет. 

Ардагер футболчулар эл аралык мелдештен жеңиш менен кайтты
"Танк биатлону" дүйнө чемпионаты танк экипаждары жана аскер техникасынын ичинен мыктыларын тандап алуучу эл аралык сынак болуп эсептелет. Россиянын Коргоо министрлиги негиздеген мелдеш 2013-жылдан бери өткөрүлүп, башка мамлекеттер менен аскердик кызматташууну чыңдоо максатын көздөйт.

Сынакка Кыргызстандын атынан төрт экипаж катышат. Аскерлер мелдешке март айынан бери даярдык көрүшүүдө. Натыйжада "Танкалык мыкты экипажы" номинациясы боюнча тандалып алынган мыктылар чемпионатка жөнөтүлдү. 

"Танк экипаждары Алабино полигонунда трасса менен таанышуу, техниканы даярдоо боюнча машыгып, командалар кезегин аныктоо үчүн чүчү кулак кармашат", — деп айтылат билдирүүдө.

Чемпионат эреже боюнча эки этап менен өтөт. Биринчисинде аскер унаалары жети чакырымдык жеке жарышка түшөт. Мында ар бир танк үч жолу айлампа жасап, жолдогу бир катар тоскоолдуктардан өтөт. 

"Экинчи этапта эң көп упай топтогон төрт команда ат салышат. Жалпы узундугу төрт чакырымды түзгөн жолду танкалар үч жолу айланып, жолдо орнотулган тоскоолдуктарды жеңип чыгышы керек", — дейт мекеме.

Быйылкы чемпионат 1-15-август күндөрү өтөт. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан, Индия, Ангола, Никарагуа, Сербия, Кытай, Венесуэла, Пакистан мамлекеттеринин катышуусу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0