Премьер-министр Темир Сариев. Архив

Сариев: күч түзүмдөрү тартип сактоону өздөрүнөн башташы керек

37
(жаңыланган 14:22 24.07.2015)
Жыйындын жүрүшүндө премьер-министр ички иштер органдарындагы жат көрүнүштөр, коррупцияга байланыштуу эл арасындагы даттануулар азайбай жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Укук коргоо кызматкерлери тартип сактоону өздөрүнөн баштоосу керектигин премьер-министр Темир Сариев Ички иштер министрлигинин коллегия жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылдыкта өлкө боюнча 15 миң 345 кылмыш иши катталган, бул көрсөткүч 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,9 пайызга көп болуп саналат.

Премьер-министрдин айтымында, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында жасалып жаткан иштери жетишсиз. Ал ар бир жаран мыйзам алдында бирдей жоопкер экенин белгилеп, бул багытта милиция кызматкерлери арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.

"Милициянын негизги милдети – элдин ишенимин кайтаруу. Эл милицияга ишенгенде гана мамлекеттеги туруктуулук, өнүгүү камсыздалат. Өкмөт алдында кыска мөөнөттө сапаттуу өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу милдети турат, ал үчүн тартипти камсыз кылуу керек", — деди Т.Сариев.

Муну менен катар өкмөт башчы укук коргоо кызматкерлери тартипти сактоону өздөрүнөн баштоосу керектигин эскертти. 

"Милиция бийлик органдарынын, мамлекеттик кызматкердин үлгүсү. Формачандардын тартиби, жүрүм-турумунан улам жарандардын бийликке болгон мамилеси, баасы калыптанат. Ошондуктан ар бир укук коргоо кызматкери кийинки муунга үлгү болуусу абзел. Ошондо гана элге сөзүбүз өтөт. Өзүңөр мыйзам бузсаңар, сиздерди эч ким укпайт", — Сариев.

Жыйын жүрүшүндө премьер-министр ички иштер органдарындагы жат көрүнүштөр, коррупцияга байланыштуу эл арасындагы даттануулар азайбай жаткандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, уюшкан кылмыштуулукка, диний экстремизмге, балдарга карата зомбулук көрсөтүү фактыларына жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү тапшырмалары берилди.

37
Белгилер:
Кыргызстан, Темир Сариев, Ички иштер министрлиги, милиция, кылмыш иши, коллегия
Тема боюнча
Атамбаев күч түзүмдөрү үчүн курулуп жаткан үйлөргө 80 млн. сом табууну тапшырды
Сариев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйлөрдү көрдү
Ооруканадагы бейтап. Архив

Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

8
(жаңыланган 14:45 01.08.2021)
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

8
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, дарт, өлүм, статистика
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар
Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

46
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

46
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды