Диль: жергиликтүү кеңештер аэропортко жер бөлүү маселесин тез арада чечиши керек

Жазылуу
Вице-премьер Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы аэропорттордун учуп-конуу тилкесин 200 метрге узартуу маселеси көптөн бери талкууланып келе жатканын эскертти.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү колдоого алынышы керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль аймактык аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жыйында айтты.

Ал Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы аэропорттун учуп-конуу тилкесин 200 метрге узартуу маселеси көптөн бери талкууланып келе жаткандыгын билдирди.

"Жергиликтүү бийлик органдары жер берүү маселесин тезинен чечиши керек. Мунсуз аэропорттор тийиштүү деңгээлде өнүгө албайт", — деди Диль.

Мындан тышкары, вице-премьер-министр Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылындагы аэропортунун өнүгүшү үчүн 300 гектар жер берүү маселеси менен жеринде таанышуу боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0