Президент балдар аянтчалары үчүн каражат бөлдү

© пресс-служба мэрии города ОшПрезидент балдар аянтчалары үчүн каражат бөлдү
Президент балдар аянтчалары үчүн каражат бөлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Ошто долбоордун алкагында 20 балдар аянтчасы ачылат.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жана Ош шаарларындагы балдар аянтчалары үчүн финансылык колдоо көрсөткөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колдоо 20 балдар аянтчасын ачуу үчүн көрсөтүлөт. "Ынтымактуу короо" деп аталган долбоор эки шаардын мэриялары тарабынан демилгеленген.

Бүгүн, 24-июлда, аталган долбоордун алкагында Бишкектин Ленин районундагы Самойленко көчөсүндө балдар аянтчасынын ачылышы болуп өттү. Ушундай эле 12 аянтча Бишкек шаарында, 8 аянтча Ош шаарында курулушу күтүлүүдө. 

"Президент Бишкек жана Ош шаар мэрлеринин демилгесин колдоп, финансылык жардам көрсөттү. Мындай аянтчалардын курулушу балдар үчүн өтө маанилүү", — деп билдирди президент аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева.

Балдар аянтчаларын ачуу үчүн каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо көрсөтүү фондунан бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0