"Мейкин Азиянын" казакстандык катышуучусу: алдымда чоң жоопкерчилик турат

© Sputnik / Таалай Ороскулов"Мейкин Азиянын" Казакстандан келген катышуучусу Ринат Темиржанов.
Мейкин Азиянын Казакстандан келген катышуучусу Ринат Темиржанов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак жигити Кыргызстанга биринчи жолу келип жатканын билдирип, абдан таасирленгенин жашырган жок.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. "Мейкин Азиянын" Казакстандан келген катышуучусу Ринат Темиржанов алдында чоң жоопкерчилик турганын айтты.

Ырчы Эл аралык дельфи оюндарынын катышуучусу экенин кошумчалады.

"Мейкин Азия" менин алгачкы сынагым. Чынын айтсам, абдан толкунданып жатам. Эки күн аралыгында жакшы эле ырдадым деп ойлойм. Эми калыстар тобунун чечимин күтөбүз", — дейт өнөрпоз.

Казак жигити Кыргызстанга да биринчи жолу келип жатканын билдирип, абдан таасирленгенин жашырган жок.

"Толор, таза аба, керемет көл жана жайдары маанай – "Мейкин Азияны" мен ушундай деп билем. Тилде да, маданиятта да эч кандай айырмачылык байкаган жокмун. Мага Кыргызстан аябай жакты", — деп ой бөлүштү Ринат.

Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетин "Транспорт жана транспорттук техника" бөлүмүн бүтүрүп, бирок инженер болуп иштөөнү каалабаган Темиржанов анын алдында чоң жоопкерчилик турганын белгиледи.

"Биринчи жолкусунда менин мекендешим Димаш Кудайберген баш байгеге ээ болгон. Андыктан, менин алдымда да чоң жоопкерчилик турат", — деди ырчы.

23-июлда башталган эстрада аткаруучуларынын эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы Ысык-Көлдө "Рух-Ордо" маданий комплексинде өтүүдө.  Бүгүн, 25-июлда, сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байге тапшыруу жана ири гала-концерт менен коштолгон жабылуу аземи болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0