УКМК: "Ислам мамлекетинин" мүчөсүмүн деген кишинин видео кайрылуусу текшерилүүдө

© AFP / JM LOPEZИслам мамлекетинин желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рахат Сулаймановдун айтымында, эксперттер азырынча бир бүтүмгө келе элек, бирок жакын арада ведомство анын жыйынтыгын билдирет.

БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Интернетке жарыяланган "Ислам мамлекетинин" мүчөсүмүн деген кишинин кыргызстандыктарга жасаган видео кайрылуусунун чындыкка канчалык дал келерин УКМК текшерип жатат. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди. 

Буга чейин бир катар ЖМКлар "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөсүмүн деген киши кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады деп жазган. 

Рахат Сулайманов эксперттер азырынча бир бүтүмүмгө келе электигин, бирок жакын арада ведомство анын жыйынтыгын билдирерин айтты. 

"Бул видеороликтин чындыкка канчалык дал келерин текшерүү кыйынга турат. Муну интернетти колдонгон ар бир эле адам жасашы мүмкүн, себеби "Ислам мамлекети" социалдык тармактар жана интернет порталдар аркылуу элди азгырып келет эмеспи", — деди Сулайманов.

УКМКнын атайын бөлүктөрү июлдун ортосунда атайын операция жүргүзүп, анда "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун жети мүчөсүн кармап, төртөөнү ошол жерде жок кылган. Бул операциядан УКМКнын төрт кызматкери жарадар болгон. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушчандарын жок кылууда УКМК тарткан видео
Ведомствонун маалыматында, жок кылынган согушчандар Бишкекте 2015-жылдын 17-июль күнү Орозо айт учурунда эл көп жыйналган жерге жана Канттагы ЖККУнун аскердик базасында бир нече террордук жардырууларды пландаган. 

Ислам мамлекети" террористтик уюму бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң башкы коркунучтарынын бири болуп калууда. Үч жылда террорчулар Ирак менен Сириянын көпчүлүк бөлүктөрүн басып алган. Мындан тышкары, алар өз таасирин Түндүк Африка өлкөлөрүндө, атап айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүүдө. "ИМ" үстөмдүк кылган аймак 90 миң чарчы чакырымга жетет жана аларда террорчулар "халифат" жарыялашып, өз мыйзамдарын орнотуп, өз бийлик органдарын дайындашкан. Экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн саны ар кандай маалыматтар боюнча, 50 миңден 200 миңге чейин чукулдап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0