Sputnik Кыргызстан "Мейкин Азия" фестивалы тууралуу дүйнөгө жар салды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мейкин Азия" фестивалы. Архив
Мейкин Азия фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жигердүү маалыматтык колдоосу үчүн фестивалдын негиздөөчүсү жана идеянын автору, КР премьер-министринин кеңешчиси Султан Раев өзгөчө ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Фестивалдын уюштуруучулары жана 20 өлкөдөн келген катышуучулар менен эксклюзивдүү маектер, уникалдуу сүрөт жана видеоматериалдар аркылуу Эл аралык маалымат агенттиги жана Sputnik радиосу "Мейкин Азия" фестивалын чагылдырды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалыматтык колдоосу аркылуу 23-25-июль күндөрү Ысык-Көл жээгинде өткөн "Мейкин Азия" фестивалы жөнүндө республика эле эмес, бүтүндөй евразиялык континент да кабардар болду.

"Өткөрүлүп жаткан фестиваль боюнча көп чет өлкөлөр сиздер аркылуу кабардар болот деп ишенем. Кызматташуубуз мындан ары да жемиштүү улана берсин" — деди КР Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин жигердүү маалыматтык колдоосу үчүн фестивалдын негиздөөчүсү жана идеянын автору, КР премьер-министринин кеңешчиси Султан Раев өзгөчө ыраазычылык билдирди.

"Өкмөттүн атынан эстрадалык аткаруучулардын II эл аралык "Мейкин Азия" фестивалын чагылдырууда кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Биз мындай иш-чараларды колдоого даярбыз. Өз мүмкүнчүлүктөрүңүздөрдү, ресурстарыңыздарды өлкөнүн жагымдуу имиджин түзүүгө жумшоого даярдыгыңыздар жогору бааланат", — деди премьер-министр Темир Сариев "Мейкин Азия" фестивалынын алкагындагы Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишине баа берип жатып.

Звездный парад музыкального фестиваля Мейкин Азия - Sputnik Кыргызстан
"Мейкин Азия" фестивалынын жылдыздар парады
"Мейкин Азия" эстрадалык аткаруучулардын эл аралык фестивалы болуп эсептелет жана Евразиялык континентте популярдуу ырлардын конкурсу болууга талапкерленүүдө. Конкурс салт боюнча Ысык-Көлдүн "Рух Ордо" маданий борборунда өтүп келет. Фестиваль жөнүндө толук маалыматты www.minculture.gov.kg сайтынан окуса болот.

Sputnik (sputniknews.com) — мультимедиалык маалымат хабы. Анын өкүлчүлүгү ондон ашык мамлекетте бар. Sputnik мультимедиалык хабы өзүнө сайттырды, радиоуктурууларды, мобилдик тиркемени камтыйт. Андан сырткары социалдык тармактарда баракчалары бар. Sputnik агенттиги дүйнөдө болуп жаткан окуяларды дүйнөнүн жыйырмадан ашык тилинде маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0