Жанабаева: айдоочуларга наркологдун ордуна механик кол коюп келген

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив
Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчинин айтымында, жүргүнчүлөр айдоочунун жана унаанын сырткы келбетине нааразы.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Маршруттук такси айдоочуларынын эсептик картасында нарколог менен диспетчердин ордуна механик кол коюп келгенин тегерек столдо Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева билдирди.

"Эртең менен диспетчер жана нарколог келгиче эсептик карталарга механик мөөр басып, кол коюп келген. Аларда айдоочунун абалын, басымын текшере турган аппарат жок", — деди ал.

Жанабаева 30-июндан тарта шаарда жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча рейд жүрүп жатканын эскертти. Анын айтымында, жүргүнчүлөр айдоочунун жана унаанын сырткы келбетине нааразы болгон учурлар кездешүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0