ӨКМ: суунун нугунан чыгуу коопчулугу байкалбайт

© Фото / пресс-служба МЧС КРТийиштүү мекемелердин адистеринен жана "Ала-Арча" паркынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ Чүй облусунун бийик тоолорунда жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык көзөмөл жасаган.
Тийиштүү мекемелердин адистеринен жана Ала-Арча паркынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ Чүй облусунун бийик тоолорунда жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык көзөмөл жасаган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ондон ашуун көлдөр жайгашкан Сокулук, Жыламыш, Ала-Арча, Аламүдүн, Нооруз, Ысык-Ата, Кегети, Шамшы жана Кызыл-Суу өрөөндөрүнө аэровизуалдык көзөмөл жасалды.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо бөлүмүнүн жетекчиси Анаркул Айталиев тоо көлдөрүнүн абалы туруктуу экенин, учурда суунун жээктен чыгуу коркунучу жок экенин билдирди.

Тийиштүү мекемелердин адистеринен жана "Ала-Арча" паркынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ шейшемби күнү Чүй облусунун бийик тоолорунда жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык көзөмөл жасаган.

"Нөшөрлүү жаандан жана адаттан тыш ысыктан кийин бийик тоолордо жайгашкан көлдөрдүн абалы байкоого алынды", — деп билдирди маалымат кызматы.

Көзөмөл ондон ашуун көлдөр жайгашкан Сокулук, Жыламыш, Ала-Арча, Аламүдүн, Нооруз, Ысык-Ата, Кегети, Шамшы жана Кызыл-Суу өрөөндөрүнө жасалган.

Маалыматка ылайык, көлдөрдүн абалына көзөмөл жасоо улана бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0