Япония кыргыз аткаминерлеринин окуусун каржылап берет

© flickr.com / Osaka_Castle_16Япониянын желеги. Архив
Япониянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония өкмөтү 1992-жылдан бери "Өнүгүүгө расмий жардам" долбоорунун алкагында Кыргызстанга 570 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөттү.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Япония "Кадрларды даярдоо үчүн стипендия чектөө" долбоору боюнча кайтарымсыз грант иретинде 213 миллион япон иенин берет. Тийиштүү меморандумга Каржы министрлигинде кол коюлганын мекеменин маалымат кызматы кабарлайт.

Кыргызстандык балдар Японияда улуттук кийимдерди көрсөтүштү
Долбоор Япониянын алдыңкы окуу жайларында билимин тереңдетүү үчүн бара турган Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерине стипендия чектөө менен адам ресурстарын өнүктүрүү аркылуу жардам берүүнү көздөйт. Окуу эки жылдык мөөнөткө каралган.

Япония өкмөтү 1992-жылдан бери "Өнүгүүгө расмий жардам" долбоорунун алкагында Кыргызстанга 570 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Каражат адам ресурсун өнүктүрүү, транспорт сектору, экономика жана социалдык секторду өнүктүрүүгө жумшалган.

"Долбоордун алкагында Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери 2006-жылдан бери билим алып келе жатышат. Аталган программанын алкагында 2015-2016-жылга карата 15 адам тандалып алынды", — деди Каржы министри Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде Япониянын толук ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ Япониядан окуп келген стипендианттар Кыргызстандын министрликтери менен мекемелеринде ийгиликтүү иштеп жатышканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0