"Бозумчак": элди ишке алуу өзгөрбөйт, ал эми жолду мамлекет асфальттамай болду

© Бакай Самыйбек уулуМитингге чыккандардын "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын жетекчилери менен жолукту. Архив
Митингге чыккандардын Казакмыс Голд Кыргызстан компаниясынын жетекчилери менен жолукту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бозумчак" — учурда кыргыз өкмөтү экономиканын абалын жакшыртууга болот деп үмүт артып турган көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки кен. Компания жетекчилиги жылына 1 млн. руданы иштетерин айткан.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ала-Бука районундагы "Бозумчак" кенине жакын жайгашкан Көк-Серек айылында жол тосуп, митингге чыккандардын өкүлү анын иштешине каршы эместигин, бирок бир катар талаптар аткарылышы зарылдыгын айтты. Ал эми экинчи тарап — инвестор "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясынан алар көтөргөн маселелердин бир тобу жөнсүз экендигин, ал эми айрымдарын райондук бийлик чече тургандыгын билдиришти.

Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көк-серектиктер "Бозумчак" кенин иштеткен компанияга талап коюп, жолду жабышты
Өткөн аптанын аягында Көк-Серек айылынын 50гө жакын жашоочусу "Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясына бир нече талаптарды коюп, Ала-Бука — Көк-Таш жолун тоскон

Ал эми шейшемби күнү, 28-июлда аталган аймакта коомдук угуу өтүп, ага инвесторлор менен айыл эли жана облустук, райондук бийликтин өкүлдөрү катышты. 

Коомдук угуу жана анын жыйынтыгы туурасында 24-июлда жол тоскондордун уюштуруучусу, Көк-Серек айылынын тургуну Нурлан Турдуматов башкы талаптардын бири болгон айылдын жолун асфальттоо жыл аягына чейин чечиле турган болду деген маалыматын айтты.

"Губернатордон келгендер жаңы жылга чейин жол мамлекеттик талапка жооп бергидей болот дешти. Буга чейинки көйгөй — "Казакмыс" суу себет, күн ысыкта ал 10 мүнөттө сапырылат да, калат. Кеткен акчаны кичинеден асфальттап берсе жакшы болот эле. Негизи биздики мөмө-жемиш жакшы боло турган айыл, ал эми чаңдан улам, ал продукцияны ала албай жатабыз", – деди Нурлан Турдуматов. 

"Казакмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Жайылбек Дадиев компания инвестор катары келип, лицензия алып, салык төлөп жаткандан кийин мамлекет шарт түзүп бериши керек деген пикирде.

"Жолду асфальттоо боюнча жергиликтүү элге убада берилген эмес. Болгону, карап турабыз деген келишимибиз бар. Жол чаңдабас үчүн компания жергиликтүү үч адамды жалдап, аларга бир топ акча төлөп, суу септирип турабыз. Анын сапатын көзөмөлдөп алуу жергиликтүү бийликтин иши. Январдан бери инфраструктураны жакшыртуу үчүн районго которулуп келе жаткан 2 пайыздык төлөм эл талап кылган жолду асфальттоого жумшалсын деген пикирди айттык", — деди Жайылбек Дадиев.

Компания өкүлү жол буугандар "Бозумчакка" башка аймактан келгендерди эмес, жергиликтүү элди ишке алгыла деген талап коюлгандыгын айтып, бул туура эмес деген пикирин билдирди. 

"Ал эми митингге чыккандар айылдыктардан башкаларды, башка аймактын элин иштетпегиле, бизден 70 пайыз алгыла дегени туура эмес. Тилекке каршы, айылдан тоо кен иштери боюнча адистер жок болгондуктан, аларды Кыргызстандын башка жактарынан алып келип жатабыз. Биз үчүн Кыргызстандын бардык жашоочусу бирдей",— деди Дадиев.

Нурлан Турдуматовдон башка аймактын адистеринин иштешине кайсы себептерден улам каршы болуп жаткандыгын түшүндүрүп берүүсүн сурадык. 

"Чындыгында кен мындан ары иштесе деле болот, эл буга муктаж да. Булар башында жумушчулардын 70 пайызы Көк-Серек, Көк-Таш айылдарынан болот дешкен да. Пайдасы болсо, ары-бери жактан алышсын дегилечи. Бирок, кайрылганыбызга бир топ күн болуп кетти, эч ким чечпей, эл жолго чыкканга мажбур болду. Кыргызстандын абалы ушундай болуп турганда, чаңды, аркы-беркини чечип, элди карап койсо, эч ким деле чыкпайт эле", — деди көксеректик Турдуматов.

Алтын карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бозумчак" кени боюнча эртең Көк-Ташта коомдук угуу өтөт
Компания берген маалыматтарда кен казылган "Бозумчакта" иштегендердин 98 пайызы Кыргызстандын жарандары. Анын ичинен — Жалал-Абад облусунун жарандары 61 пайызын түзөт, Көк-Серек айылынын тургундары – 37 пайыз. Ал эми Ала-Буканын башка айылдарынан иштегендер — 11 пайызга жетет.

"Бозумчак" — учурда кыргыз өкмөтү экономиканын абалын жакшыртууга болот деп үмүт артып турган көлөмү боюнча "Кумтөрдөн" кийинки кен. Компания жетекчилиги жылына бир миллион тонна руда иштетерин айткан. 

"Бозумчак" Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагында жайгашкан. Ал эми Көк-Серек айылы аркылуу кенге автожол өтөт. Эксперттердин баасы боюнча, анда 146 миң тонна жездин, 23 тоннадан ашык алтындын жана 138 тоннага чукул күмүштүн кени бар. Кенди казакстандык "Казакмыс" корпорациясы иштетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0