Президент суу ташкыны болуп кетүүчү жерлердеги элдин коопсуздугун камсыздоону эскертти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент ӨКМ жергиликтүү бийлик, тургундар менен биргеликте өзөнгө жанаша жайгашкан аймактарда селдин алдын алуу максатында анын жээктерин бекемдөө зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, дарыялар, көлдөрдүн ташып кетүү кооптуулугунун алдын алуу иштерин сурады. 

Тийиштүү мекемелердин адистеринен жана Ала-Арча паркынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ Чүй облусунун бийик тоолорунда жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык көзөмөл жасаган. - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: суунун нугунан чыгуу коопчулугу байкалбайт
Министр мамлекет башчысына жамгырдан улам жана аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу Кыргызстандагы дарыялардын деңгээлинин көтөрүлүп кетишине байланыштуу суу жээктерин бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Кеп Чүйдүн Аламүдүн, Ала-Арча, Сокулук дарыялары, ошондой эле Баткендин Кадамжай районундагы Сох дарыялары жараткан кооптуулук туурасында жүрдү.

Боронов бийик тоолордо жайгашкан көлдөргө аэровизуалдык кароо жүргүзүлгөндүгүн, натыйжада, тоо көлдөрүнүн калыбы туруктуу, учурда суунун нугунан чыгуу коркунучу жок экендиги аныкталгандыгын айтты. 

Атамбаев ӨКМ жергиликтүү бийлик жана тургундар менен биргеликте өзөнгө жанаша жайгашкан аймактардын сел алуусун алдын алуу максатында суу жээктерин бекемдөө иштерин ыкчам жана дыкаттык менен аткаруу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар болуп кетүү коркунучу бар аймактарда жашаган тургундар да түрдүү кесепеттердин алдын алууга даяр болушу керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0