Мэрия атайын операциядан жабыркагандарга 20-октябрга чейин турак-жай куруп берет

© Sputnik / Актан ТемиркановСпецоперациядан күйүп кеткен үй. Архив
Спецоперациядан күйүп кеткен үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш чыгымдары жана жабыркаган жарандар үчүн салына турган үйлөрдүн документтери августтун башында даяр болот. Ал эми курулуш иштери октябрдын аягында бөткөрүлөт дейт Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий.

БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Бүгүнкү күндө "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлерин жок кылуу боюнча УКМКнын Бишкектеги атайын операциясынан жабыр тарткан үч үй жаңыдан курула баштады. Дагы төрт үйдүн реконструкциясы башталганын Sputnik агенттигине Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Геннадий Милицкий билдирди.

Контртеррористтик аракеттен жапа чеккендер өкмөттөн керектүү жардам алышат
16-июль күнү Бишкектин борборунда УКМК эл аралык "Ислам мамлекети" террористтик топтун мүчөлөрүн жок кылган. Натыйжада беш турак үй жараксыз абалга келген.

Мэрия ар бир үй-бүлөгө 80 миң сомдон бөлүп берген. Өлкө башчысы өз фондунан беш миллион сом бөлдүргөн.

Милицкийдин айтымында, бүгүнкү күндө үйлөрдүн курулушу боюнча долбоор даярдалып жатат.

"Графикке ылайык, долбоор 5-августта түзүлүп бүтүп, 6-августта курулушу иштеринин акыркы чыгымы даяр болот. Бүгүн жаңы курула турган үйлөрдүн жерпайы куюлуп жатат. Жараксыз абалга келген үйлөрдүн урандылары түрттүрүлдү. Мен эртең менен барып, жумуштарга күбө болуп келдим", — деди чиновник.

Ал төрт үй капиталдык ремонттон өтөрүн кошумчалады.

"Эки үйдүн чатыры жаңыртылып жатат. Толук чыгымы кийинчерээк эсептелинет. 20-октябрга чейин бардык үйлөрдү пайдаланууга беребиз деп пландаштырып жатабыз. Тургундар менен байланышып турабыз. Суук түшкүчө эл үй-жай менен камсыз болуп калышына бардык аракетибизди көрүп жатабыз", — деди Милицкий.

Чиновник бардык каражат өкмөт менен президенттин резервинен бөлүнгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0