БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Машина уруп кетип каза болгон Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев эртең, 1-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Бул туурасында Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын директору Темирлан Сманбеков Sputnik агенттине билдирди.
"Мукамбет Токтобаев менен коштошуу зыйнаты 1-август күнү эртең мененки саат 9.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын экинчи кабатында өтөт", — деди Сманбеков.
Директор саат 10.00дө театр алдында митинг-реквием өтөрүн, ал бүткөндөн кийин Токтобаевдин сөөгүн Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө алып чыгып кетишерин кошумчалады.Белгилүү театр жана кино актеру 30-июль күнү Бишкектин Анкара (мурунку Горький — ред.) жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде Анкара көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан "Опель" үлгүсүндөгү унаа коюп кетип, каза болгон.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.