БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Ош шаарынын "Мыкты мугалим – 2015" сынагынын баш байгесин алган Элвиза Нарынбаева Daewoo Matiz маркасындагы унаа менен сыйланганын Билим берүү министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, шаар ичинде өткөн сынак былтыркы жылдын аягында башталып, төрт тур менен өткөн. Үстүбүздөгү жылдын май айында соңуна чыккан конкурстун финалдык бөлүгүнө жети мугалим чыккан. Окутуучулар окуу-усулдук иштерин көрсөтүп, кесибин тааныштырып, педагогикалык кырдаалдар боюнча суроолорго жооп берип, өнөркана, блиц-таймаш жана эрмек (хобби) жарышынан өтүштү.Натыйжада, Бөкөмбаев атындагы №5 лицейдин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нарынбаева алдыга озуп чыгып, баш байгени жеңип алган. Конкурсту уюштурган Ош шаардык мэриясы жеңүүчүнү Daewoo Matiz маркасындагы жеӊил машине менен сыйлады.
"Мага мугалимдер жамааты, айрыкча кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Байтикова зор жардам берди. Конкурс ушундай деӊгээлде уюштурулса, мугалимдер чыгармачыл иштегенге дилгирленип, билим берүү тутуму жакшы ѳнүгѳт деп ойлойм", — дейт Нарынбаева.
Сынак жеңүүчүсү ОшМУда филологиялык билим алып, шаардагы № 16 кесиптик лицейде эмгек жолун баштаган. Андан кийин Бөкөмбаев атындагы №5 лицейге которулган.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.
Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.
Онлайн катталууда бүтүрүүчү өзүнүн же болбосо ата-энесинин туруктуу номерин бериши керек. Анткени системага кирүү үчүн логин катары пайдаланылат. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ЖРТга каттоо www.testing.kg дарегиндеги борбордун сайтында жүргүзүлөт.
"Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандан кийин абитуриенттер телефон номерин алмаштырбай турушу зарыл. Себеби ЖРТга катталууда арыз ээси сайттагы жеке кабинетине кирүү үчүн өзүнүн телефон номерин көрсөтөт. Ал кирүү үчүн логин болот да, ага сыр сөз берилет. Кийин ушул эле логин келечекте ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу үчүн колдонулат. Ошондуктан окууга тапшырып бүтмөйүн номер алмаштырбай туруңуздар", — деди Батракеева.
Адис негизги жана ар бир кошумча предмет үчүн каттоо акысы 370 сом экенин кошумчалады.