Сариева: ЖРТ жыйынтыгы менен окуунун бюджеттик түрүнө өткөндөрдүн саны жогорулады

CC BY-SA 2.0 / timlewisnm / no more tests 05.30.09 [150]Сариева: ЖРТ жыйынтыгы менен окуунун бюджеттик түрүнө өткөндөрдүн саны жогорулады
Сариева: ЖРТ жыйынтыгы менен окуунун бюджеттик түрүнө өткөндөрдүн саны жогорулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реформалардын негизинде мамлекеттик жогорку окуу жайлары 1-сентябрга чейин кайра каттоодон өтүшү керек.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда билимдин сапатын жогорулатуу жана жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо үчүн шарттардын түзүлүшү керектигин белгиледи.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, президент бүгүн, 31-июлда Билим жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алды.

Жолугушуу жүрүшүндө, Сариева министрликтин учурда аткарып жаткан иштери жана билим тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди.

"Юридикалык статусу бар 23 институтту жабуу боюнча чаралар көрүлдү. Мында мамлекеттин жогорку окуу жайлары 2015-жылдын 1-сентябрына чейин кайра каттоо иштерин жүргүзүүгө милдеттүү", — деди министр.

Сариева жалпы республикалык тестирлөөнүн босого чеги 110 балл болгондугу абитуриенттердин даярдык деңгээлин жогорулатканын кошумчалады. 

"Босого баллдын жогорулашы менен бюджеттик орундарга окууга өткөндөрдүн саны былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогорулады", — деди жетекчи.

Атамбаев билим тармагындагы реформалардын маанилүү экендигин белгилеп, алардын натыйжасында билимдин сапатын жогорулатуу, ата-мекендик илимдин өнүгүшү жана жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо үчүн шарттардын түзүлүшү керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0