Мукамбет Токтобаевдин үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү

© Тынчтык ТурдалиевМукамбет Токтобаевдин үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү
Мукамбет Токтобаевдин үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа сүзүп каза болгон кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Мукамбет Токтобаевдин үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз эл артисти Мукамбет Токтобаевди 30-июлда Бишкек шаарынан автоунаа коюп кетип каза болгон. Анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти Токтобаев 1-августта Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат
Өмүрүнүн акыркы жылдарында Токтобаев Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеген. Ошондой эле, "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", "Сокур кемпир көрөгөч", "Президент менен бомж" тасмаларына тартылган. Эл аралык аренада Россия менен АКШ биргелешип тарткан "Взять Тарантину!" аттуу тасмасына түшкөн.

Мындан сырткары, "Каркыралар", "Кыздар жана көйнөктөр", "Биз отурган автобус", "Ышкырык" ырларына обон жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0