Кыргызстан-Россия аба каттамына билет баасы кымбаттады

© Фото / компания Эйр Манас"Боинг-737-800" учагы. Архив
Боинг-737-800 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы кыргызстандыктардын айтымында, Москва – Бишкек багыты боюнча билеттер 15 миң рублден сатылууда.

БИШКЕК, 1-авг — Sputnik. Москва – Бишкек аба каттамы боюнча учак билеттери 4 миң сомго чейин кымбаттады. Бул тууралуу жергиликтүү авиакомпаниялардын биринен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Россиядан Кыргызстанга келген жарандардын саны көп болууда.

"Учурда билетке суроо-талап көп болгондуктан, билеттин баалары 4 миң сомго чейин кымбаттады", — деди авиакомпаниянын өкүлү.

Азыр Air Kyrgyzstan авиакомпаниясында Бишкек – Москва каттамы боюнча бир тарапка билет 13 350 сомдон сатылса, Pegasus Asia авиакомпаниясы билеттерди 210 доллардан сатууда.

Москвадагы кыргызстандыктардын айтымында, Москва – Бишкек багыты боюнча билеттер 15 миң рублден сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0