Жол инспекторлорунун иши видеокөзөмөлгө алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековВидеокөзөмөлдө боюнча тактача. Архив
Видеокөзөмөлдө боюнча тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеобайкоо жабдыктары Жайыл районунун Сосновка айылындагы, Сокулук районунун Моловодное айылындагы "Батыш", Аламүдүн районунун Луговое айылындагы "Кордой" жана Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы "Чыгыш" постторунда орнотулган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ички иштер министри Мелис Турганбаев орун басары жана Жол кайгуул кызматынын жетекчиси менен Чүй облусунун аймагында орнотулган видеокамералардын жана ремонттон өткөрүлгөн посттордун абалын текшерип чыкканын ИИМ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү туристтик сезонго карата даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө. 

"Жол коопсуздугун сактоо максатында посттордо орнотулган фото жана видеокаттоо жабдыктары Жол кайгуул кызматынын ишмердигин жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Видеокамералар аркылуу кызматкерлердин иш тартиби көзөмөлгө алынып, коррупциянын алдын алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Видеобайкоо жабдыктары Жайыл районунун Сосновка айылындагы, Сокулук районунун Моловодное айылындагы "Батыш", Аламүдүн районунун Луговое айылындагы "Кордой" жана Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан "Чыгыш" постторунда орнотулган.

"Ысык-Көл облусунун курорттук аймагында 40тан ашуун видеокамера орнотулганы белгилүү болду. Аталган жабдыктар жол эрежелеринин бузулушун эле аныктабастан, ыкчам түрдө кылмыштын бетин ачууга шарт түзөт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Министрлик келечекте мындай көзөмөл жүргүзүү жол кырсыктарынын санын азайта турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0