Коррупцияга шектелген ЖК депутаты Коркмазов үй камагына чыкты

© пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Коркмазов Хаджимурат Зулкарнаевич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коркмазов УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынып, ден соолугуна байланыштуу аталган мекеменин ооруканасына жаткырылган.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. УКМКнын ооруканасында дарыланып жаткан  Хаджимурат Коркмазовго карата Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алганын Башкы прокуратура билдирди. 

Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат Коркмазов эки ай камакка алынды
Жогорку Кеңештин депутаты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аталган депутат Жогорку сотто карала турган Нариман Түлеевдин ишинин оң жагына чечилишине жардам берүү үчүн анын туугандарынан 200 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылганын маалымдаган.

Үстүбүздөгү жылдын 15-июль күнү аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Пара талап кылуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде Коркмазовго кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Коркмазов УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынып, ден соолугуна байланыштуу аталган мекеменин ооруканасына жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0