Чек ара чатагынан жаракат алган үч кыргызстандык облустук ооруканага түштү

Жазылуу
Медиктердин айтуусуна караганда, чек арадагы кагылышта жабыркаган үч жарандын башына таш тийген. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Баткен облустук ооруканасына Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында бүгүн түштөн кийин болгон кагылыштан жабыркаган үч жаран келип түштү. Бул туурасында аталган облустук оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Залкар Баймуратов Sputnik маалымат агенттигиние кабарлады.

Анын айтымында, алардын үчөө тең жаш балдар жана алардын баштарына таш тийген. 

"Үчөө тең жаш балдар, баштарынан жарадар болгон, абалы канааттандырарлык. Бирок ооруканага жаткырыш керек. Жаракат октон эмес, таштан болгон", — деди Залкар Баймуратов.

Бүгүн түшкү саат 2.25тер чамасында кыргыз-тажик чек арасында эл кайрадан чогулуп, кагылыш болгон. Мамлекеттик маалымат кызматы кырдаал татаал бойдон калып жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0